Ксеркс - Wikipedia Ксеркс Wikipedia дан Jump to navigation Jump to search Ксеркс (байыркы фарсыча Хшаяршан – «падышалардын баатыры») (болжол менен б. з. ч. 522–465) – перс падышасы (б. з. ч. 486–465). Ахемениддер династиясынан чыккан Дарий Iнин уулу. 486–484-жылдары египеттиктердин перс бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшүн баскан. 482-ж. Месопотамиядагы вавилондуктардын көтөрүлүшүн талкалап, 481-ж. Вавилон падышалыгын перс сатрапиясына айланткан. 481-ж. жазында Ксеркс Грекияга каршы жортуулга чыккан. 480-ж. августта Түндүк Грекияда Фермопилдеги ири салгылашууда Афиныны басып алган, бирок бир ай өткөн соң, Саламин деңиз салгылашында бириккен грек флоту перстерди талкалаган. Ушундан кийин Ксеркс согушту андан ары улантуу үчүн кол башчысы Мардонийди армиясы менен Фессалияга калтырып, өзү армиянын бир бөлүгүн алып, Сардыга (Лидиянын борбору) кайткан. 479-ж. Платеи шаарына жакын жердеги чечүүчү салгылашта перс армиясы талкаланып, кол башчысынан ажыраган. Натыйжада грек-перс согуштары (б. з. ч. 500–449) гректердин жеңиши менен аяктаган. 465-ж. августта Ксеркс хан сарайында өлтүрүлгөн. Ксеркстин бийлиги учурунда Персеполь, Суз жана Экбатанда хан сарайлар салынган. Ксеркстин башкаруу мезгилинен байыркы перс, элам жана вавилон тилдеринде 20га жакын клинопистик жазуулар сакталып калган. Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо] “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9 "https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Ксеркс&oldid=362657" булагынан алынды Категория: Инсандар Навигация менюсу Жеке аспаптар Сиз системге кире элексиз Бул IP-дарек үчүн талкуулоо Contributions Катталуу Кирүү Аталыштар мейкиндиги Макала Баарлаш Варианттар Кароолор Окуу Оңдоо Булагын оңдоо Тарыхын кароо More Издөө Багыттоо Башбарак Жамаат порталы Учурдагы окуялар Соңку өзгөрүүлөр Тушкелди макала Жардам Демөөр Аспап кутусу Жетелеме шилтемелер Байланыштуу өзгөрүүлөр Файл жүктөө Атайын барактар Туруктуу шилтеме Барак жөнүндө маалымат Бул макаланы цитаталоо Wikidata item Print/export Китеп түзүү PDF түрүндө көчүрүп алуу Басма үлгүсү In other projects Wikimedia Commons Башка тилдерде Afrikaans Alemannisch العربية مصرى Asturianu Azərbaycanca تۆرکجه Беларуская Български Brezhoneg Bosanski Català Čeština Cymraeg Dansk Deutsch Ελληνικά English Esperanto Español Eesti Euskara فارسی Suomi Français Galego עברית हिन्दी Hrvatski Magyar Հայերեն Bahasa Indonesia Italiano 日本語 ქართული Қазақша 한국어 Kurdî Latina Lëtzebuergesch Lietuvių Latviešu Malagasy मराठी Bahasa Melayu Nederlands Norsk nynorsk Norsk bokmål Occitan Polski پنجابی پښتو Português Română Русский Scots Srpskohrvatski / српскохрватски Simple English Slovenčina Slovenščina Српски / srpski Svenska தமிழ் ไทย Tagalog Türkçe Українська اردو Oʻzbekcha/ўзбекча Tiếng Việt Winaray 吴语 Yorùbá 中文 Шилтемелерди оңдоо Бул барак соңку жолу 26 Сентябрь (Аяк оона) 2020, 13:38 өзгөртүлгөн. Text is available under the Creative Commons Attribution-ShareAlike License; additional terms may apply. See Terms of Use for details. Купуялуулук саясаты Wikipedia тууралуу Жоопкерчиликтен баш тартуу Мобилдик көрүнүш Developers Statistics Cookie statement